Талибан өкүлү: Өзбекстанга ракета аткан кишилер изделүүдө

  • 2 года мурун

“Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү Ооганстандан Өзбекстанды көздөй ракетадан аткандарды камоого жана жазалоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу талибдердин расмий өкүлү Забиулла Мужахид Твиттерге жазды.

Анын айтымында, Ооганстандан Өзбекстанды көздөй ракета атуу – эки өлкөнү ортосунда от жагууну көздөгөн ниети бузук чөйрөнүн иши.

5-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.20ларда Өзбекстандын аймагына Ооганстан тараптан беш ракета атылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги билдирген.

«Түшкөн снаряддар жарылган эмес. Мындан улам адам курмандыктары болгон жок. Термез шаарынын «Мажнунтол» айылындагы жеке турак жайларга зыян келтирилген. Ал эми бешинчи снаряд футбол талаасынан табылды. Алардын баарын саперлер зыянсыздандырды», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты