Таластын вице-мэри жана шаардык кеңештин жетекчилери бюджетке 5 миллион сом кайтарды

  • 1 год мурун

УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жаткан Талас шаарынын вице-мэри жана шаардык кеңештин жетекчилери бюджетке 5 миллион сом кайтарып бергенин билдирди.

«Буга чейин УКМК органдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Талас шаарынын вице-мэри, Талас шаардык кеңешинин төрагасы, вице-спикер жана Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалышкан. Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Кылмыш ишин тергөө учурунда айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 5 миллион сом которгон, ал эми бул адамдар тергөө учурунда келтирилген зыяндын бир бөлүгүн кошумча төлөп берүүгө милдеттенишкен. Белгиленген жагдайларды эске алуу менен, ошондой эле айыпталуучулардын баш коргоо чарасын ден соолугуна жана үй-бүлөлүк абалына байланыштуу өзгөртүү жөнүндө жактоочулардын билдирүүлөрүн эске алып, Талас шаардык соту тарабынан алар үй камагына чыгарылган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун кошумча төлөп берүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты