Таластын мэриясындагы коррупция фактысы боюнча 3 миллион сом кошумча мамлекетке кайтарылды

  • 1 год мурун

Таластын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгындагы коррупция фактысы боюнча 3 миллион сом кошумча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаарынын мэриясынын ММБда муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Бул кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулардын кошумча 3 миллион сомун мамлекеттин кирешесине кайтарды, ал буга чейин мурда мамлекеттин кирешесине 5 миллион сом кайтарылган болчу.

Кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга айып тагылып, кылмыш иши андан ары кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты