Таластын Кайнар айылында 225 орундуу мектеп ишке берилди
- 2 года мурун
Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кайнар айылында Керимбай атындагы Кайнар орто мектеби ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталып, керектүү жабдуулар менен жабдылган.
Кайнар орто мектебинин курулуш иштери 2013-жылы башталып, ар кандай себептерден улам бүтпөй келген.
Муну бөлүшүү