Таластагы мал уурулукка шектүү ​ жаран Токтогул районунан кармалды

  • 1 год мурун

Таластагы мал уурулукка шектүү ​ жаран Токтогул районунан кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-апрель күнү Талас шаарынын тургуну Д.Д. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда үйүнүн короосунан 1 баш уйду белгисиз жарандар уурдап кеткендигин кабарлаган.

Аталган факты Талас ШИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине ​катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Талас ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде уурдалган уй Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул райондук мал базарда аныкталып, Жалал-Абад ОИИБдин ​ кызматкерлери менен бирдикте кылмышка шектүү кармалган. Ал​ Талас шаарынын ​ 20 жаштагы ​ У.Д. аттуу жаран экендиги жана​ мал базардан уйду ​ 35 миң сомго баалап ​ сатып жаткандыгы такталып, ошол учурда кармалган. Шектүү Талас шаарына алынып келинип, ​ Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты