Таластагы Көпүрө-Базар айылында турак үйдөн өрт чыкты

  • 2 года мурун

Таластагы Көпүрө-Базар айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-январь түнкү саат 00:51де Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы, Таштанаалы көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккан. Жерине №101 өрткө каршы бөлүмүнүн бир өрт өчүрүүчү унаасы тартылган. Натыйжада жалпы аянты 80 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты