Таластагы Боо-Терек айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди
- 10 ай мурун
Таластагы Боо-Терек айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
17-февраль күнү аба-ырайынын жогорулашына байланыштуу саат 15:00 чамасында Боо-Терек айылындагы жааган карлар ээрип, арыктардан суулар ашып, 17 турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Ошондой эле Шадыкан айыл аймагынын Ынтымак айлынын тоо этегинен ээриген карлар 3 турак үйдүн короосун каптаган.
Муну бөлүшүү