Таласта баасы 400 млн сомдон ашкан жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

  • 4 недели мурун

Талас шаарынын базарынын аймагындагы 1,9 га аянттагы жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ултуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматында, «Талас айыл көмөк» мамлекеттик акционердин коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен биригип алып, жалпы баасы 402,6 млн сомду түзгөн жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берип жиберишкен. Учурда бул жер тилкелери мамлекетке кайтарылганы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты