Таласта жол кырсыгынан 1 адам каза болду
- 2 года мурун
Таласта жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунун Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда «Mercedes Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүздү.
Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 5 эркек киши ар кандай жаракат алышкан.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган 2 жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп бериштим
Муну бөлүшүү