Таласта жоголгон жарандын унаасы суудан чыгарылды
- 3 года мурун
Таласта жоголгон жарандын унаасы суудан чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Талас облусунун Кара-Буура районудагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болгон. Ал эми 26-сентябрда аталган жарандын «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн. Унаада адам жок жана айнектери ачык болгондугуна байланыштуу издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендиги не байланыштуу убактылуу токтотулду. Жоголгон адамды издөө 27-сентябрь күнү улантылат.
Муну бөлүшүү