Таласта жоголгон жарандын сөөгү Чоң-Талас каналынан табылды

  • 2 года мурун

Таласта жоголгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талас облусунун Кара-Буура районудагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Кечээ, 26-сентябрда аталган жарандын «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн. Жерине Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик кран менен унааны чыгарышкан. Ал эми айдоочусунун сөөгүн издөө кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан таң эрте издөөнүн жыйынтыгы менен жеңил унаанын ээсинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине сөөгүн өткөрүп беришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты