Таласта жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды

  • 11 месяцев мурун

Талас облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Талас облусунун Талас районунун Калбинск айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары биргеликте бир бүтүмгө келип алышып, турак жайларды куруу үчүн жалпы аянты 14 гектарды түзгөн жер тилкелерин мыйзамсыз бериишкен, алдын ала эсептөө боюнча мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 55 000 000 (элүү беш миллион) сомду түзөт.

Азыркы учурда, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты