Таласта «жер семирткич алып берем» деп миллион сомго алдаганга шектелген жаран Бишкектен кармалды

  • 1 год мурун

Таласта «жер семирткич алып берем» деп миллион сомго алдаганга шектелген жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Д.Т. арыз менен жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылган. Арызында 2021-жылдын ноябрь айында Жалал -Абад облусунун тургуну жаран Ө. менен телефон аркылуу таанышып, ага алданып калганын жана “Карбамид” жер семирткичин алып берем деп, бир миллион сом акча котортуп алып, бербей качып жүрөт деп кайрылган. Арыз Манас РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Алдамчылыкка шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 40 жаштагы Ө. ыкчам аракеттердин негизинде Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттери менен ал Манас РИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынган. Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, кармалган жаран тергөөдө сурак берип жатат. Азыркы учурда ал Кара-Буура РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты