Таласта токойдон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

  • 4 месяца мурун

Таласта токойдон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

25-март күнү Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында алдын ала маалымат боюнча токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Манас райондук ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Буга кошумча саат 18:56да Ч.Айтматов райондук ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылды.

Жеринде Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 эсеп тартылган.

Өрт саат 23:43тө чектөөгө алынып, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 25-30 гектар түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты