Таласта тойдон кийин массалык мушташ катталды

  • 2 года мурун

Таласта тойдон кийин массалык мушташ катталды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 13-ноябрь түнү саат 02:40 чамасында Талас шаарынын Оторбаев көчөсундө жайгашкан Алтын-Казык соода борборунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Анда соода борборуна келген бир нече жарандар пикир келишпестен урушуп кеткендиги аныкталган.

Видео тасмадагы 7 жаранды милиция кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Аталган факты маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. Текшерүү учурунда алар тойдон чыккандыгы жана мас абалда экендиги аныкталган. Наркологиялык бөлүм алардын спирт ичимдигин ичкендигин тастыктаган. Андан тышкары, 1998-жылы туулган окуяга байланыштуу Талас шаарынын тургуну травматология бөлүмүнө түшкөн. Бирок окуяга катышкан жарандардын бардыгы ​ жана соода борборунун администрациясы ​ арыз даттануудан баш тартышкан. Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты