Таласта күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 12 месяцев мурун

Талас облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-августта саат 9:28де Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Талас районунун А.Огомбаев, Козучак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты