Таласта Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет

  • 2 года мурун

16-сентябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маданият министрлигинде Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракесин уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын өтүп, иш- чаралар планы талкууланды.

Чолпонбай Түлөбердиев Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы, 19 жаш курагында кирген. 1942-жылы 6-августта Воронеж облусунда фашисттердин ДЗОТун көкүрөгү менен тосуп, эрдик менен курман болгон.

1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты