Таласта буюм далилдерди жок кылуу боюнча кылмыш иши козголду 

Талас облусунда буюм далилдерди мыйзамсыз жок кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Облустук прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери укук бузуу боюнча алынган далилдерди мыйзамсыз жок кылганы аныкталган.

Тактап айтканда, буюм далил катары алынган 301 даана форель балыгы, 17 даана кекилик, 1 даана улар жана 26,31 кг эндик чөбүнүн тамыры жок кылынганы белгиленди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты