Таласта баңгизаттарды сатуу каналы аныкталды

  • 10 месяцев мурун

Талас облусунда баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Н.А. атту жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан алып келинген баңгизатын сатуу менен алектенгени аныкталган. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Н.А.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 7,5 кг болгон өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар (болжолдуу түрдө “Марихуана”) табылып, алынган.

Учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты