Таласта алдамчылык фактысы боюнча шектүү жаран кармалды

  • 9 месяцев мурун

Таласта алдамчылык фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрь күнү Манас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Айтматов районунун тургуну А. К. атту жаран арызы менен кайрылган. Анда Покровка айылындагы жаңы курулуп жаткан цемент заводго видео камера орнотуп беремин деп ишеничине кирип оозеки келишим түзүп, 112 миң 500 сом акча каражатын алдап алып кеткени билдирген.

Бул факт Манас РИИБдин маалыматтарды электрондук эсепке алуу журналына катталып, Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Манас РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунун натыйжасында Айтматов районунун 1997- ж.т. Р.Б. уулу шектүү катары кармалган. Учурда Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары журүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты