Таласта 57 жаштагы аял ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 2 недели мурун

Талас шаарынын 57 жаштагы тургуну жарандарды акча көбөйтүп берүү убадасы менен ири акчага алдап жүргөн деп шектелип, кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын милиция бөлүмүнө эки жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 2022-жылдын аягында кармалган жаран анын ишеничине кирип, 2 млн 155 миң сомдон ашык акчасын көбөйтүп берем деп алдап алып койгонун билдирген. Ал эми экинчи жаран да шектүүгө 2020-жылы 1 млн 700 миң акчасын берип, кайтара албай жүргөнүн жазган.

Талас шаарынын күч органдары иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында 57 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренсинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган жарандан алданганын билдирген жалпы 8 жарандын арызы боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты