Таласта 12 адам шаурмадан ууланып, фастфуд жайы жабылды
- 1 год мурун
Талас шаарында 30-майда массалык түрдө тамак-аштан уулануу фактысы катталды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 11 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Бир жабырлануучу бир сутка ооруканада дарыланып, үйүнө чыгарылды.
Эпидемиологиялык иликтөөнүн маалыматы боюнча, 29-майда уулангандардын баары Талас шаарындагы «Казан Шаверма» фастфуд түйүнүнөн сатып алынган шаурма жешкен.
Шаурма саткан оъектиге текшерүү жүргүзүлүп, административдик протоколдор түзүлүп, иши убактылуу токтотулду. Тамак-аштын үлгүлөрү лабораторияга жөнөтүлдү.
Муну бөлүшүү




