Талас шаарында уурулукка шектүү ​жаран кармалды

  • 2 года мурун

Талас шаарында уурулукка шектүү ​жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

12-сентябрь күнү ​ Талас ​ шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө М.К.​ аттуу жаран кайрылып, анда үйүнө ууру киргендигин билдирген. Аталган факты боюнча Талас ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына ​ катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Тергөөнүн​ жүрүшүндө үйдөн зер буюмдар, спорттук ​ велосипед ​ жана 1000 сом акчаны белгисиз адамдар ​ айнегин сындырып, уурдап кеткендиги такталган. Үй ээсине​ ​ олуттуу өлчөмдөгү 95 000 (токсон беш миң) сомдук чыгым келтирилгендиги ​ аныкталган. Аталган факты Талас ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Талас ОИИБдин​ жана Талас ШИИБдин кылмыш иликтөөбөлүмүнүн​ кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунун негизинде шектүү кармалган. Ал 1969-жылы туулган ​Талас районунун Көк-Ой айылынын мурда соттолгон​ тургуну Ш.А. ​ болуп чыкты. 27-сентябрь күнү колго түшүрүлүп, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна камакка алынган.​ Кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренеси “Уурдоо, башкача айтканда олуттуу өлчөмдө бирөөнүн мүлкүн жашыруун түрдө, турак жайга, кызматтык же башка жайга, же болбосо транспорт каражатына кирүү менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо”,- беренеси менен айыпталууда. Аталган факты боюнча азыркы учурда ​ тергөө жана иликтөө ​ иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты