Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
- 2 года мурун
Талас облусунун Талас районундагы Кара-Кол дарыясына муз тоңуп, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү, короо-жайларды каптоо коркунучу жаралгандыктан райондук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учурда №36 жол тазалоо ишканасынан 10 жумушчу, 2 техника, Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 кызматкер жана 1 АСМ тартылып, муз тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле “Кызыл ай” коомунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү муз тазалап жаткандарга 3 күндүк ысык тамагын уюштурууда.
Муну бөлүшүү