Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
- 2 недели мурун
Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 22-апрелде Талас районунун аймагында катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Талас районунун башчысынын 22-апрелде чыгарган №99 буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды
Белгилей кетсек, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылын, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылын жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган.
Муну бөлүшүү