Талапкер Мирлан Маратов “телефон террорчулугу” үчүн соттолгон. Текшеребиз

“Ысык-Көл районунан бир мандаттуу округдан бара жаткан Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри Мирлан Маратов бир кезде, тагыраагы 2015-жылкы шайлоодо телефондук терроризмге айыпталып кармалыптыр. Беш шайлоо участкасында бомба коюлган деген чуу салып, эми БШК талапкер катары каттаса, эмненин ичинен чыгат болду экен? Көнгөн жоругун карматпайбы?” деген маалымат Фейсбук социалдык тармагына чыккан. 

Талапкер Мирлан Маратов “телефон террорчулугу” үчүн соттолгон. Текшеребиз

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

Ысык-Көл шайлоо округунан аттанган талапкерлердин арасында Маратов Мирлан Ильичевич деген талапкер бар. Ал Чолпон-Атанын 2010-2013-жылдардагы мэри.

015-жылдын 4-октябрында Бишкек милициясынын үч бөлүмүнө белгисиз киши удаа телефон чалган. Ал Бишкекте беш шайлоо тилкесине жарылма зат коюлганын билдирген. Соттук актылар тууралуу порталдагы маалыматка караганда, териштирүү учурунда шектүү телефон чалган учурда: «Дилмурат Шахдиев, Аллах Акбар, беш шайлоо тилкесинде жардыруу болот» деп кабарлаган. УКМК айтылган даректерден жарылма зат тапкан эмес. 

Окуядан 15 күндөн кийин «телефон террорчулугуна» шектелип Чолпон-Ата шаарын 2010-2013-жылдары башкарган Мирлан Маратов кармалган. Ал мас абалында бул жорукка барганын мойнуна алган.

2016-жылдын 18-майында Жогорку сот Маратовду күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айыппулга жыккан. 

Талапкер Мирлан Маратов “телефон террорчулугу” үчүн соттолгон. Текшеребиз

Жыйынтык: Мирлан Маратовдун “телефон террору үчүн соттолгону чын. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты