Талант Мамытовду шайлоого каттабай коюу менен БШК мыйзам бузган эмес (Фактчекинг) 

Борбордук шайлоо комиссиясы, 24-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты. 11111124.kg агенттиги маалымдагандай, “Ынтымак” партиясы БШКнын чечимине даттанып, Бишкек Административдик сотуна кайрылды. Арызда, “Мыйзамда Жогорку Кеңештин төрагасы шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетиши керек деген пункт жок” экени айтылат. 

Талант Мамытовду шайлоого каттабай коюу менен БШК мыйзам бузган эмес (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Талант Мамытов 28-ноябрда боло турган шайлоого “Ынтымак” саясий партиясынын курамы менен бара турганы белгилүү болгон. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы Талант Мамытов парламенттеги төрагалык кызматын өткөрүп бербегендиктен, талапкерлигин канааттандырбоо чечимин кабыл алган. Бул чечимди БШКнын 10 мүчөсү колдогон. 

Талант Мамытовду шайлоого каттабай коюу менен БШК мыйзам бузган эмес (Фактчекинг) 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 21-беренесине ылайык, талапкер шайлоого катышуу үчүн өзүнүн кызматын тапшыруусу зарыл. 

Талант Мамытовду шайлоого каттабай коюу менен БШК мыйзам бузган эмес (Фактчекинг) 

Мисалы, депутат жана муниципалдык кызматкерлерден сырткары, макамына жана даражасына карабай бардыгы бул талапты аткарышы керек. Ушул мыйзамдын 4-пунктуна ылайык, талапкер алгач каттоодон өткөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына бериши керек. Эгер бул талаптар аткарылбаса, анда талапкерди каттоо мыйзамсыз болуп эсептелет. 

Белгилей кетсек, Талант Мамытов 2020-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясынын курамында экинчи тизмеде катышкан. “Кыргызстан” партиясы да былтыркы шайлоого документтерин мөөнөтүнөн кеч тапшырып, бирок БШК кабыл алган. Бул коомчулук арасында бир топ нааразычылыктарды жараткан.

Ал эми азыркы шайлоодо, Талант Мамытовдун өзүнүн кызмат ордун тапшырбай, четтетилгени интернет айдыңында талкууга алынды.

Талант Мамытовду шайлоого каттабай коюу менен БШК мыйзам бузган эмес (Фактчекинг) 

Эскерте кетсек, Талант Мамытов 2020 -жылдын ноябрынын башында октябрь окуясынан кийин, Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланган. Ошондой эле, 2020 -жылдын 14 -ноябрынан 2021 -жылдын 28 -январына чейин президенттин милдетин аткаруучу болгон.

Жыйынтык: Мыйзамга ылайык, шайлоого катышууну каалаган талапкер, өз кызматын тапшыруусу керек. Парламенттин төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого катышса болот деген пункт жазылган эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты