Талант Мамытов Коопсуздук кеңеште каралган маселелер боюнча депутаттарга маалымат берди

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарды кайрадан чогултуп, парламенттин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында Талант Мамытов президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен өткөн Коопсуздук кеңешинде каралган маселелер боюнча кеңири маалымат берди. Белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланган.

Төраганын айтымында, мамлекет башчы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Муну менен катар жабыркаган жана эвакуацияланган жарандарга керектүү жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлдү. Учурда депутаттар тобу Баткен облусунда жана Ош шаарында иш алып барууда. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми эл өкүлдөрү айтылган сунуш-пикирлерди тийиштүү министрликтерге жана мекемелерге жеткирип, чечүү аракетин көрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты