«Такыр-Төр»: МинКаб төрагасы 950 адам эвакуацияланган аймакка барды
- 12 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы «Такыр-Төр» көлүнүн жарылуусунан жабыркаган аймакты текшерип, кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алууну талап кылды.
Саат 19:30га карата сел коркунучтуу аймактан 950 адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин маалыматына ылайык, учурда кыйроолор жана материалдык чыгымдар каттала элек.
Касымалиев учактан көзөмөл жүргүзүп, тиешелүү кызматтарды кырдаалдан кабардар болууну, үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыздоого чакырды.
Муну бөлүшүү




