Такси айдоочусуна кол салган жүргүнчү каза болду

  • 3 месяца мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунда такси айдоочусуна кол салган жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоноо максатында такси айдоочусуна кол салган жүргүнчүлөрдүн бирөө кармалып, экинчиси каза болду. 18-апрелде саат 2:00дө 1991 жылы туулган А.Б. аттуу Kia К-7 үлгүсүндөгү таксинин айдоочусуна 2005-жылы туулган Д.А. менен 2004-жылы туулган М.Н. түшүп, Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылына жеткирүүнү суранган. «Унаанын артында отурган М.Н. айдоочуну моюнга сайып, качып кеткен. Таксист бычакты сууруп, кол салуучулардын экинчисине, алдыда отурган Д.А. аттуу жигитке эки жолу шилтеген. Кылмыш-жаза кодексинин»Каракчылык менен байланышкан адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Такси айдоочусуна кол салып качып кеткен М.Н. кармалды. Ал Убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты