Тайванда катуу бороондон улам 667 адам жабыркап, 2 киши каза болду

  • 23 часа мурун

5-октябрда Тайвандын түштүк бөлүгүндө болгон «Картон» тайфуну алып келген катуу шамалдан жана бороондон улам 2 киши өлүп, 667 адам жабыркап, бир адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Focus Taiwan өлкөдөгү Борбордук өзгөчө кырдаалдар борборуна шилтеме жасап, жазды.

Маалыматта айтылгандай, бороон басаңдап, транспорт жана байланыштар кайрадан жанданганы менен 5-октябрь таңга маал көп жерлерде суу дагы деле тартыш бойдон калууда.

Тайфундан жана бороондон эң көп Пиндун жана Гаосюн аймактары жабыркаган, көчөлөрдү жана унаа жолдорду суу каптап, 2 миңге чукул бак-дарактар кулаган. Ал эми Тайнань шаарынын башкаруучулары 464 адамды коопсуз жайга көчүргөн. Учурда бул аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: CNA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты