Таймурас Ташиев Абдыкеримовдун айткандарын четке какты

  • 3 месяца мурун

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун “Томми мол” соода борборуна байланыштуу билдирүүсүнө жооп берип, анын айткандарын четке какты.

Ал Фейсбуктагы кайрылуусунда Абдыкеримов айткан маалыматтарды “карандай калп” деп атап, мамлекетке кайтарылган мүлктөрдүн бири да алардын үй-бүлөсүнө өтпөгөнү тууралуу жазды. Анын айтымында, бул маселени текшерүү үчүн комиссия түзүлсө, бардык жагдай ачык болот.

“Мен баса белгилеп айтаар элем, бул маалымат карандай калп! Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес! Муну Абдыкеримов дагы, жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек”, — деп жазган Таймурас Ташиев. 

Буга чейин Абдыкеримов президент Садыр Жапаровго кайрылып, “Томми мол” соода борбору төмөн баада бааланып, айрым адамдарга өтүп кеткенин билдирген. Ал ошондой эле “Аю Гранд Комфорт” объектисин мамлекетке өткөрүүнү адилеттүү чечим катары баалаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты