Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгынан кетти
- 11 месяцев мурун
Кеңешбай Тайлаков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал Facebook`тагы жеке баракчасына жазды.
Тайлаков кызматтан кетүү боюнча арызын 14-августта жазганын белгиледи. Ошондой эле билдирүүсүндө ведомстводо аткарган иштери тууралуу да айткан.
Эске салсак, Кеңешбай Тайлаков 2022-жылдын февралында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
Муну бөлүшүү