“Таатан” соода борборунан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунун Лермонтов көчөсүндө жайгашкан «Таатан» соода борборунун аймагында курулуш материалдарды саткан дүкөндөрдөн чыккан өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү.

Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 350-400 чарчы метрди түзөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 8-августта, «Таатан» соода борборунан өрт чыккан.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты