“Таарынсаңар Таласка баргыла.” Депутат Түлөбаев Министрлер кабинети боюнча кайрылуу жасады

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев кечээки жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин дарегине сын айтып, кайрылгандан кийин, депутатка таарынып, телефон чалып жатышканын билдирди.  

“Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңеш куштун эки канатындай, бири аксаса, экинчиси кошо аксайт. Мамлекеттин көйгөйлөрүн чечүүдө экөө тең учканда гана мамлекеттин өнүгүүсүнө алып келет деп ойлойм. Кечээ Министрлер кабинетинин төрагасына болгон кайрылуума таарынгандар, мага чалгандар болду. Мен Кыргыз Министрлер кабинетинин башчысына кайрылбаганда, Өзбекстандын өкмөтүнө кайрылайынбы? Же Казакстандыкына кайрылайынбы? Кимге кайрылышым керек? Урматтуу депутаттар! Сиздер өзүңүздөр билгендей, биз элдин көйгөйүн чечүүдө көптөгөн каттарды жазабыз. Ошол каттарга кимдер кол коет? Министрдин орун басарлары кол коет. Эмне деп кол коет? «Биз муну карап жатабыз, бюджетке кирсе, кудай буюрса, аткарылып калышы мүмкүн. Же быйыл киргизебиз”. Болду. Сенин региондогу көйгөйүң ошол бойдон калды. Ал кат министрге жеттиби, министр карадыбы, аны менен эч кимдин иши жок» деди депутат Балбак Түлөбаев. 

“Бирдеме айтса эле таарынасыңар. Таарынсаңар Таласка баргыла” деди депутат Балбак Түлөбаев.

Кечээ, 23-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Министрлер кабинети депутаттардын каттарына жооп бербей жатканын, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге сын-пикир айткан.

“Акылбек Үсөнбекович тың болчу. Депутаттардын катына бат-баттан жооп берип турчу. Азыркы премьер-министрге жетип, Ысык-Көлдү айланып келгиче канча убакыт өтөт. Бир кат жаздык эле жооп жок. Депутаттын жазган катына жоооп берип койсо жакшы болот эле. Акылбек Үсөнбекович дароо жооп берип, чечкиндүү болчу” деген депутат кечээ Балбак Түлөбаев.

Сүрөттө: Балбак Түлөбаев. kenesh.kg

       

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты