Түзүлдү. Жоюлду. “Улуу көчмөндөрдүн мурасынын” чыгымдары үчүн ким жооп берет?

Бекешев бул үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбай турганын билдирген.

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдинги жоюлат. Акча жумшалды, долбоорлор жазылды жана, албетте, бул үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбайт”, — деп жазган депутат.

“ПолитКлиника” медиасы “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингине канча каражат сарпталганын анализдеп чыкты.  

Холдингди жоюуга 700 миллион сом кетет

5-ноябрда  парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги жоюла турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаев билдирди.

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингин уставдык мыйзамдарга ылайык жоюу иштерин жүргүзүү үчүн 700 миллион сом керектелет”, — деп айткан Бекетаев.

Алмаз Бекетаев 700 миллион сом холдингдин милдеттемелерин жабуу үчүн колдонула турганын билдирген.

“2022-жылдын башынан бери «Улуу көчмөндөр мурасы” 3,4 млрд. сомго каржыланган. Азыр бул сумманын 100%ы кайтарылат. 700 миллион сом өз милдеттенмелерин жабуу үчүн калат. Салык кызматына 600 млн. сом — холдинг кен байлыктарды чалгындоо жана иштеп чыгүү үчүн лицензия алган. Бул сумма кайра кайтарылат. Жаратылыш ресурстары министрлигинин 11,8 млн. сом талабы бар. Жалпы төгүмдөр 670-680 млн. сом болот. Ал эми 20-30 млн. сом кеңсенин ижарасы жана айлык акыга жумшалат.Мындан башка айлык, ижара акы жана башка төлөмдөр боюнча — 20дан 30 млн. сомго чейинки төлөмдөрү бар”, — деп белгилеген. 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Финансы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаевден бул акча так эмне үчүн керектелип жатканын жана холдингдин чыгымдары жана ишке ашпай калган пландар  үчүн ким жоопкерчиликке тартыла турганын сураган:

“Баары бир адам үчүн түзүлгөн да? Депутаттарды “силер качан мамлекетчил кадамдарды кыласыңар?” деп урушушат. Алмаз Ахунжанович буга ким жооп берет, айтыңызчы? 20 млн сомдой акча айлык акыга кетиптир, эми аягы эмне болду? Буга Акылбек Үсөнбекович жооп бербейт окшойт. Көрдүңөрбү, жооп бере турган эч ким жок”.

Финансы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаев “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине жумшалган чыгымдар үчүн ким жооп бере турганын айта алган эмес.

Ал эми “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги ишке кирип баштагандан кийин бир жыл ичинде мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомдон ашык акча которулган. 

Түзүлдү. Жоюлду. “Улуу көчмөндөрдүн мурасынын” чыгымдары үчүн ким жооп берет?

Ачык бюджет сайтындагы маалыматка ылайык, аталган акчанын 2,5 миллиарды Финансы министрлиги тарабынан, ал эми 754 миллион сому Финансы министрлигинин Биринчи май финансы башкармалыгы жана Акбулак айыл өкмөтү тарабынан которулган. 

Ал эми бир жыл ичинде “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги мамлекеттик бюджетке 33 миллион 481 миң сом салык төлөгөн. 

Башкача айтканда, компанияны түзүүгө кеткен башка көмүскөдөгү чыгымдарды эске албаганда мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2 миллиарддан ашык акча бир жылга жетпей жоюлууга дуушар болгон “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине которулган.

Мындан сырткары компаниянын жабылышына да 700 миллиондон ашык акча коротула турганы айтылды. 

Финансы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаев жалпы жонунан холдингге жумшалган 3,4 миллиард сом 100% бюджетке кайтарыларына ишендирсе да, бул кандай жолдор менен болорун түшүндүргөн эмес. 

Миллиард сомдук пландар жана практика 

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги 2021-жылы 13-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн. 

Бул чечим президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы «Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынганы айтылган. 

Холдинг ачылганда амбициялуу пландарды камтып, кен казуудан баштап гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Долбоорлордун арасында Ысык-Көлдө цемент заводун куруу, жылына 5 миллион тонна көмүр казууга мүмкүн болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш кендерин казуу, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын өнүктүрүү, өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу каралган.

Улуттук холдингдин башчысы болуп “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ошол убактагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирип, президенттин катышуусунда 282 миллион доллардан турган бюджети бекитилгенин айткан.

Холдингдин дымактуу ойлору жана пландары тууралуу ошол учурда коомдо эки ача ой пайда болгон. Кээ бир эксперттер өлкөдөгү коррупцияны эске алуу менен мамлекеттин бизнес секторуна аралашканы кооптуу жана ишке ашпайт деп айтышкан. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө өкмөт убадаларын иш жүзүндө көрсөтөрүн айткан.

«Азыркы учурда коомчулуктун, журналисттердин, керек болсо эл аралык коомчулуктун бизден күмөн санап «силерди көргөнбүз, кагазда эле кооз-кооз сүйлөп жатасыңар» дегендей сөздөрүнө терикпейбиз. Анткени убагында бир канча өкмөт ошентип эле кеткен. Азыркы учурда биз иш менен көрсөтөбүз. Мунун баары реалдуу, көзүбүз жетип турат”, — деп айткан Эдил Байсалов.

Акылбек Жапаров: “Холдинг Теңгиз Бөлтүксүз алдыга жыла албайт”

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги ишке киргизилгенден кийин пландалган долбоорлор ишке аша баштаганы тууралуу билдирүүлөр дээрлик жарыяланган эмес.

Холдингдин ачылганына бир жыл толо электе, 13-сентябрь күнү Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен “Кумтөр Голд Компанинин” ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Башкы прокуратуранын алдын ала эсептөөсү боюнча, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилген. 

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктү кармаган

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин ишканага бөлүнгөн каржылоо токтогонун, буга чейин берилген каражаттын калганы кайтарылып, иликтөө жүрүп жатканын айткан.

“Биз кендин баарын “Кумтөрдүн” мисалында өзүбүз өздөштүрөлү дегенбиз. “Улуу көчмөндөр мурасына” ондой лицензия берип, геологиялык чалгындоо боюнча иш-чараларды аяктаганбыз, бизнес-долбоорлорду даярдап койгон элек, аларды инвесторлорго көрсөтөлү деп турганбыз. Бөлүнгөн акчалар ордунда турат. Биз аларды бюджетке кайтарып жатабыз. Теңгиз Бөлтүрүк [абактан] бошомоюн долбоор ордунан жылбасын түшүнүп турабыз”, — деген Жапаров.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров “Холдинг Теңгиз Бөлтүрүк үчүн түзүлдү беле?” деген суроо салган.

Жыйынтык: Жоюлуп жаткан “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингине мамлекеттик бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык акча бөлүнгөн. Холдингди жоюу үчүн 700 млн сом кетери айтылууда. Мындай чыгымдар үчүн ким жооп берери белгисиз. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты