“Түштүк Кореяда робот адамды жашылча-жемиш деп ойлоп, өлтүрүп салган” (Текшеребиз)

9-ноябрда Инстаграмдагы “maalymat.kg” баракчасы Түштүк Кореяда робот адамды жашылча-жемиш деп ойлоп, өлтүрүп салганы тууралуу жазды. Анда окуя Кёнсан провинциясындагы заводдордун биринде болгону, робот адамды азык-түлүк салынган кутудан ажырата албай, өлтүрүп алганы жазылган.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Чет элдик жана жергиликтүү басылмалар жапырт таратып жаткан бул билдирүү алгач кореялык Yonhap медиасынын сайтына жарыяланган

Басылманын маалыматына ылайык, Донго Сун заводунун жумушчусу калемпир сорттоочу роботтун кыймылдаткычын текшерип жаткан учурда робот аны азык-түлүк салынган куту деп элестетип, конвейерге илип кеткен. Анын кесепетинен жумушчунун бети жана көкүрөк тушу катуу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, жабырлануучу ооруканада көз жумган. 

“Түштүк Кореяда робот адамды жашылча-жемиш деп ойлоп, өлтүрүп салган” (Текшеребиз)

Маалыматты Yonhap медиасына Кёнсан провинциясынын полиция кызматы тастыктаган. Полиция окуя 7-ноябрь күнү кечки саат 19:45терде катталганын, каза болгон жаран заводдун робот сенсорунун иштешин текшерүүчүсү болгонун билдирген. Ал 40 жашта болгон. 

Маркум 8-ноябрга белгиленген роботтун сенсорлорун сыноо алдында текшерип жаткан. Роботтун негизги милдети калемпир салынган кутучаларды көтөрүп, паллетке жылдыруу. Паллет — бул жүк ташуучу атайын контейнер. Донго Сун калемпир сорттоочу заводунун атайын өкүлү окуя боюнча комментарий берип, роботту жумушчу күчүн кыскартуу жана аны натыйжалуу пайдалануу үчүн колдонууну көздөшкөнүн айткан. 

Бул сыяктуу окуялар Түштук Кореяда буга чейин дагы катталган.

Жыйынтык: Түштүк Кореяда роботтун адамды куту катары эсептеп, өлтүрүп алганы чын. Окуя айыл-чарба заводдорунун биринде болгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты