Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен эки баланын биринин сөөгү табылды
- 1 год мурун
Кечээ, 14-майда, саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) балдар сууга чөгөп кеткендиги кабарланган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Саат 20:50дө 10 куткаруучу тартылып, түн жарымына чейин издөө иштери жүргүзүлдү.
Бүгүн, 15-майда, саат 05:50дө 15 куткаруучу издөө иштерин улантууга чыгышты. Төрт-Көл суу сактагычынан саат 08:35де 2009-жылы туулган Д.М.н сөөгү табылды.
Издөө иштери улантылып жатканы кабарланды.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү