«Түрмөгө чиритейин деген деле ою жок». Байсалов 11 журналисттин кармалышы боюнча

  • 6 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда 11 журналисттин кармалышы боюнча төмөндөгүдөй айтты.

«Биздин жаш балдар, алар, албетте, душман эмес. Албетте, жаңылышкан. Алар «бала баладай, башы-көзү чарадай». Алардын эч кандай чыккынчылык, эч кандай маселеси жок. Аларды деле президентибиз болобу, органдарыбыз болобу, соттор болобу, түрмөгө чиритейин деген деле ою жок. Бул тарбиялык маселе. Аталык, агалык милдет бул — тарбия. Үй-бүлө башчы болобу, үй кожоюуну болобу, тартипке салып коюш керек. Тартиптүү эл кул болбойт. Ошондуктан тартип болушу керек. Бул камоо эмес, бул бардыгын ишке тартуу», — деген Байсалов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты