Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келди

  • 2 года мурун

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышат.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты