Түркмөнстанда Аркадаг шаарынын ачылыш аземи өттү

  • 1 год мурун

Түркмөнстанда Аркадаг шаарынын ачылыш аземи өттү. Аны курууга мамлекеттин казынасына 5 миллиард доллардан ашык каражат сарпталууда.

Өлкөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн түркмөн жарандары катышкан салтанаттуу иш-чара экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүндө болду. Бирок туулган күн ээси 29-июндагы салтанатка катышкан жок. Адатта мурдагы президент мындай салтанаттарды калтырчу эмес.

Атасынын ысымын алган “акылдуу шаардын” ачылыш аземине өлкө президенти Сердар Бердымухамедов келди.

2019-жылы башталган долбоордун алгачкы этабына миллиарддаган доллар жумшалмак. Адегенде 10 чарчы километр жердеги калаа Ахал чөлкөмүнүн административдик борбору болору пландалган. Бирок март айында ага «мамлекеттик маанидеги шаар» деген макам берилди. Бюджети улам көбөйтүлүп, материалдар тартыш болгондуктан, курулушту бүткөрүү иши улам жылып жатты.

Бийлик 70 миң кишиге ылайыкташканын айткан Аркадаг «акылдуу шаар» концепциясына жараша тургузулганын айтып келет.

Расмий маалыматка караганда, азырынча 336 заманбап имарат, арасында оорукана, мектептер, театр, спорттук жайлар салынды. Коомдук транспорт экологиялык жактан таза болору, заманбап санарип жабдыктар орнотулары айтылат.

Быйыл мартта Франс-24 телеканалы Түркмөнстандын Курулуш боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Дерягелди Оразовго шилтеме менен биринчи баскычка 3,3 миллиард доллар, экинчисине 1,5 миллиард доллар керектелерин кабарлаган.

Жаңы шаар баш калаа Ашхабаддан 30 километрге жакын жердеги аймакка түштү.

Аркадагдын өзүнүн телеканалы, футбол командасы, гезити болот. Алардын бардыгы сыягы “Аркадаг” деп аталат.

Аркадаг түркмөн тилинен которгондо «колдоочу» дегенди билдирет. Гурбангулы Бердымухамедов ушундай наамга ээ.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты