«Түркмөнстан менен салыштырбагыла». Жакупова Шакиев менен Байсаловго кайрылды

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн 31-октябрда Бишкекте «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган жыйын өттү. Бул жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, акыйкатчы Жамила Жаманбаева, БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве жана эл аралык уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз эркиндиги өлкөнүн жарандарынын ыйык укугу жана ал корголо турганын айтты.

Шакиев Борбор Азиядагы жана башка мурдагы советтик өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстанда сөз эркиндиги жогору экенин айтып, бул жаатта жоопкерчиликти да эске алуу керектигин билдирди.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ЖМКлар боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун чуулгандуу деп атады. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы менен Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басарын эксперттердин пикирин угуп, президенттик администрация тарабынан демилгеленген “ЖМК жөнүндө” жаңы мыйзамдын бардык кемчиликтерин көрсөтүүгө чакырды. Ошону менен катар эле Жакупова Түркмөнстанга салыштырмалуу биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин начар актоо экенин белгиледи. «Эксперттердин пикирин уккула. Сиздер Түркмөнстандагыдай келечекти каалабайсыздар», — деп Жакупова Нурланбек Шакиев менен Эдил Байсаловду жыйынга келгендерди угууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты