Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагында кайрадан жер титиреди
- 9 ай мурун
20-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагында кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жетти. Зилзала жергиликтүү убакыт менен саат 20:00 чамасында Хатай провинциясынын Узунбаг районунда 10 чакырым тереңдикте болгонун кабарлады.
Жер силкингени Анталия шаарында дагы сезилди. Ошондой эле жер титирөө башка мамлекеттерде — Ливан жана Сирияда дагы катталды.
Муну бөлүшүү