Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келди

  • 6 часов мурун

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Түркиянын лидерин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасын көрүштү.

Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн Президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

6-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты