Түркиянын Кахраманмараш шаарында ӨКМдин талаа госпиталы иштеп жатат

  • 1 год мурун

Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин талаа госпиталы жайгаштырылып, жарандарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу ӨКМдин медициналык кызматынын башчысы Талант Наматов билдирди.

Анын айтымында, талаа госпиталында 7 адамдан түзүлгөн дарыгерлер тобу иш алып барууда. Топтун курамында медициналык кызматтын башчысы, эки хирург, эки травматолог, нейрохирург жана анестезиолог-реаниматолог дарыгерлери бар.

“Талаа госпиталына жабыркаган жарандар кайрылып жатат. Алардын ичинде мээси чайкалгандар, кан басымы көтөрүлгөндөр, денесинен жаракат алгандар бар. Биздин дарыгерлер тарабынан кайрылган жарандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, кеп-кеңештер берилүүдө”, — деди Наматов.

Ал талаа госпиталында колдонулуп жаткан дары-дармектердин бардыгы Кыргызстандан барганын, дары-дармектердин бир айлык запасы бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (AFAD) 16-февралга карата расмий маалыматына ылайык, зилзаладан 35 миңден ашык адам каза таап, 80 миңден ашык киши жарадар болгон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты