Түркиянын эл аралык Ротари клубу менен Ош облусуна инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

  • 2 года мурун

Түркиянын эл аралык Ротари клубу менен Ош облусуна инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев Түркиянын эл аралык Ротари клубунун губернатору Омре Озтурк баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, Ош облусунун инвестициялык потенциалы жана инвестициялык долбоорлорду пландаштыруу боюнча сүйлөшүштү.

Эрнис Толтоев өз сөзүндө Ош облусунда инвесторлор үчүн шарттан түзүлгөнүн жана алар бир нече багытта инвестиция салууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди. «Аймакта олуттуу эмгек жана интеллектуалдык ресурстар, бай жаратылыш ресурстары, жагымдуу климаттык шарттар бар.Облуста сүттү, терини, жашылчаларды кайра иштетүү тармактарындагы долбоорлорду эффективдүү ишке ашыруу жана жогорку сапаттагы балды экспорттоо үчүн эң чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой эле пахта буласын өндүргөн пахта заводдору бар. Жиптерди жана кездемелерди чыгаруучу цехтерди тузуугө болор эле.Бизде көп жерлерибизде базальт кендери бар. Андан үзгүлтүксүз базальт буласын чыгаруучу заводду курууга мүмкүн болмок. Бул базальт буласынан арматура, пластмасса, профиль, цилиндр, түтүк ж.б. чыгарса болот», — деди Эрнис Толтоев

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты