Түркияга жардам эсебине 63 млн сомдон ашык каражат чогулду

  • 1 год мурун

24-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 63 млн 427 миң 307 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.
Төлөм коду: 14411100 — “Учурдагы жардам”.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты