Түркияга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 45 миллион сомго жакын акча чогулду

  • 1 год мурун

Зилзалада жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 44 миллион 701 миң 937,50 сом, жана 14 миң 400 рублга толукталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бул 17-февраль саат 10:00гө карата көрсөткүч.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам»;

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты