Түркиядагы терактта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

  • 2 года мурун

Түркиянын борбору Анкара шаарындагы TUSAŞ авиакосмостук компаниясынын өндүрүштүк ишканасында болгон теракта каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылаган. 

«Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ 23-октябрда Анкарадагы түркиялык TUSAŞ авиакосмостук компаниясынын өндүрүштүк ишканасында теракт болгон. Теракта 5 адам каза болуп, 22 адам жарадар болгон. алардын экөө оор абалда экендиги айтылууда. Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая кол салган үч террорчунун экөөсүнүн жок кылынганын айтып, алардын бирөө аял экендигин билдирген.

Сүрөт: mfa.gov.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты