Түркияда очогунда күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө катталды

6-февралда Түркиянын Газиантеп  шаарына жакын жерде очогунда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Түркиянын бир канча провинциясында, ошондой эле Ливанда жана Сирияда да байкалды.

Анадолу агенттигинин маалыматы боюнча, ондогон үйлөр кыйрады. Османие шаарынын башчысы Эрдинч Йылмаздын айтымында, кеминде беш киши каза тапты.

Мамлекеттик өзгөчө абал башкармалыгы жер титирөө дагы бир катар провинцияда катталганын жана жер титирөөнүн кийинки күчү 6,4-6,6  баллга жеткенин билдирген.

 Сүрөт: Volkan Kasik/Anadolu Agency

   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты